• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде 889 миңден ашык мал алдын ала эмдөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда 9 ай ичинде жалпы 889 миң 654 баш мал жугуштуу оорууларга каршы алдын ала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 93 миң 430 баш мал диагностикалык изилдөөдөр жана 133 миң 89 баш малга дарылоолор жүргүзүлдү.

Мал жандыктарды жугуштуу ооруларга каршы алдын ала эмдөө үчүн керектүү вакциналар, дары-дармектер маминспекция тарабынан убагында келип, жетиштүү санда.

2020-жылдын 9 ай ичинде айыл чарба малдарынын арасында сапаттуу дары-дармектердин, эмдөөлөрдүн негизинде жугуштуу ооруулар (Шарп, күл, чечек, кутурма, сибирь жарасы, куш тумоосу ж.б.) катталбай, эпизоотиялык абал туруктуу сакталды.

Жалпы облус боюнча 227 миң 670 баш ири мүйүздүү мал, 24 баш жылкы, 10 миң 794 баш ит идентификациядан өтүп, бирдиктүү ЖИКС жана ДОГС системалык базаларга катталган. Бүгүнкү күндө бул иштер боюнча да жумуштар жүрүүдө.

Ушул жылдын январь-март айларында маминспекция тарабынан Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктарына бирден RENO-DASTER үлгүсүндөгү 3 даана кызматтык автоунаалары тапшырылып, бүгүнкү күндө кызмат кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий