• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто эл жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында Кыргызстандын 2022-жылдагы эл жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча тегерек стол өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Эрлан Атабаев, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев, мамлекеттик органдардын, БУУнун калк жайгаштыруу жаатындагы фондунун өкүлдөрү катышты.

Жыйында З. Жумалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Калкты жайгаштыруу Фондуна (ЮНФПА) элди жана турак жай фондун каттоону өткөрүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алынган маалыматтар жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жол-жобоолорду, чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиз боло тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасындагы демографиялык кырдаал, калктын билим деңгээли жана сабаттуулугу, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жана региондордогу калк жөнүндө маалымат берилди.

Жыйынтыгында жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эл каттоонун маалыматтарын пайдалануу боюнча бир катар сунуштар берилди.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын калкы 353,1 миң адамга жетип, акыркы 13 жыл аралыгында шаардын калкы 36,8 пайызга өсүп, республика боюнча эң жогорку көрсөткүчтү түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий