• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ошто кайырчылар арасында профилактикалык иштер күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаарында кайырчылык кылган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тилемчиликти жоюу, коомдук тартипти сактоо боюнча жыйын өткөрдү.

Ага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, билим берүү тармагынын, Ош шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында тилемчиликти жоюу багытында, буга чейин жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берилип, тилемчилик менен алектенгендердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алардын өздүгүн аныктоо, коомдук иштерге тартуу чараларын көрүү маселеси көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды.

Жыйындын соңунда шаар бийлиги тарабынан кайырчыларга карата профилактикалык иш-аракеттерди күчөтүү, күн сайын рейдтерди өткөрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий