• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиционерлер балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кубаныч күнүн тартуулады

Аймак 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кубаныч күнүн тартуулады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бостери айылында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде Бишкек шаарынын балдар үйүнүн тарбиялануучулары жайкы каникулдарын өткөрүүдө. Жайкы эс алуулары балдардын эстерине көпкө сакталып калуу максатында Ысык-Көл РИИБнин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору "Кубаныч учуру" аталышындагы майрамдык иш чараны уюштурушту.

Милиция кызматкерлери балдарга таттууларды тапшырып, көлдө болуунун коопсуздук боюнча маек курушту. Балдар менен бирге жол эрежесин сактоого багытталган оюн-зоок ойношту.

Белектерди алышкан балдар жана балдар үйүнүн мугалимдери милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий