• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо 200 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев венгриялык инвесторлор менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Базар-Коргон районуна кубаттуулугу 200 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, долбоорду райондун Акман, Бешик-Жон жана Базар-Коргон шаарында ишке ашыруу пландалган. Ага аталган аймактардан 450 гектар жер аянты ажыратылмакчы.

Ыйгарым укуктуу өкүл облуста электр энергиясын өндүрүүгө кызыккан инвесторлор үчүн ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Күн электр станциясын куруу да облустагы алгачкы артыкчылыктуу долбоорун айтып, керектүү жардамдар көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий