• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Талас шаарынын мэринин орун басары Салтанат Токтосунова Талас райондук – шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Чынара Камбарова менен биргеликте орто мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди.

муниципалитеттен билдиришкендей, анда Талас шаарындагы орто мектептердин 2023-2024-окуу жылына карата оңдоп-түзөө иштеринин аткарылышы, күз-кыш мезгилине карата даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында мэрдин орун басары Салтанат Токтосунова окуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү кечиктирилгис милдет экендигин баса белгилеп, тиешелүү кызматтарга, мектеп директорлоруна ремонт иштеринин жүрүшүндөгү айрым мүчүлүштүктөрдү 15-августка чейин аяктоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий