• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Вице-премьер Разаков Баткенде чек арадагы чатактын айынан жабыркагандардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чыр-чатактын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды.

Алар менен маектешүүдө вице-премьер-министр толук кандуу сакайып кеткиче аларга үзгүлтүксүз медициналык кам көрүлөрүн белгилеп, материалдык жардам тапшырды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жапа чеккен.

Дарыгерлердин айтымында, бардык жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык.

Эске салсак, 13-14-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыгып, бир бирин таш менен урушкан.

Кыргыз тарап бул жаңжалдын айынан бир нече адам жабыр, үч кыргыз жаранга ок тийгенин билдирген. Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жарадар болгонун кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий