• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

25-мартта Балыкчыдан Караколго барган кичиавтобустун жүргүнчүлөрүн коронавируска текшерилип коюусун суранышууда

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Ысык-Көл бийлиги 25-мартта Балыкчы шаарынан жана Сары-Камыш айылынан Караколго барган кичиавтобустун жүргүнчүлөрүн коронавируска текшерилип коюусун өтүнөт.

Өкмөтүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун жашоочуларын жакынкы медициналык мекемелерге барып анализ тапшырууну суранат.

“Аталган маршрутканын жүргүнчүлөрүн жакындарына кам көрүүгө жана жарандык жоокерчиликтүүлүгүн көрсөтүүгө чакырабыз. Белгилүү болгондой, 09KG 411AAB мамлекеттик номерлүү “Мерседес Спринтер” кичиавтобусу Каракол шаарына саат 04:30да келген. Анализ тапшыруу 5-10 мүнөттү ээлейт, анонимдүүлүккө кепилдик беребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий