• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда “Арсенал” аталышында комлекстүү алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрынан 24-ноябрына чейин Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу боюнча “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксат берүү бөлүмүнөн түзүлгөн 315тен ашык кызматкер иш алып барган.

Рейддин жүрүшүндө 2625 аңчылык менен алектенүүчүлөр текшерилип, алардын ичинен 35 жаран тарабынан курал-жарак сактоонун эрежеси бузулгандыгы аныкталып, аларга 13 миң сом суммасында административдик протокол толтурулган. Андан сырткары 14 жеке күзөт агенттиктеринин ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди.

Жарандар тарабынан өз ыктыяры менен 2 ок атуучу курал ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырылган жана мыйзамсыз сакталган эки аңчылык сайсыз мылтыгы алынган.

Чүй облусунун ИИББи ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо, ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Ошону менен биргеликте өз ыктыяры менен курал-жарактарын тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий