• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен: Голбо айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына бүткѳрүлѳт

Аймак 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Голбо айылындагы жаңы мектептин курулушу жаңы окуу жылдын башталышына карата бүткѳрүлѳт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда объекттин курулушу 90%га бүтүп калды. Подряддык уюм тарабынан имараттын ички жасалгалары жана көрктөндүрүү боюнча иштер аяктоодо.

Белгилей кетсек, жаңы мектеп 275 окуучулук орунга эсептелген, анын сметалык наркы 931 мин 320 долларды түзөт. Бүгүнкү күнгѳ Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 484 миң 286,4 доллар каржыланды.

Мектеп жаңы форматта курулууда, анда окутуу үчүн бардык шарттар каралган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары болот.

Пикир

Оставить комментарий