• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Жалал-Абад” аэропорту оңдоо иштерине жабылбай турган болду

Аймак 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. “Жалал-Абад” аэропорту оңдоо иштерине жабылбайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

“Жүргүнчүлөрдүн көптөгөн суроо-сунуштарын эске алуу менен «Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Жалал-Абад» аэропорту быйыл жабылбай, ишин улантары тууралуу чечим кабыл алды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аба майдандын аэродромунун элементтерин (учуу-конуу тилке, рулеждук жолчо, перрон) оңдоо иштери 2023-жылга жылдырылды.

Регулярдык каттамдар мурдагы эле график боюнча аткарыла бермекчи (жумасына 6 жолу).

Пикир

Оставить комментарий