• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда 277 млн сомго энергетиктер үчүн эки имарат курулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев Баткен облусунда жумушчу сапары менен болуп, Баткен жана Сүлүктү шаарларында энергетиктер үчүн жаңы салынып жаткан имараттын курулушуна капсула салды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибеков жана башка жетекчилер катышты.

Баткен шаарында салынып жаткан Баткен электр тармактар ишканасынын имаратынын жалпы сметалык баасы 221 млн сомду, ал эми Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын имаратынын курулушунун жалпы сметалык баасы 56 млн сомду түздү.

Аталган акча каражаты "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жеке бюжетинен каржыланып, 2024-жылдын биринчи кварталында курулуштун биринчи этабын бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий