• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Сузакта милициянын көчмө кабылдамасы 293 кайрылуу кабыл алган

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. Сузак РИИБинин көчмө кабылдамасы үстүбүздөгү жылдын 8 айында жалпы - 293 атуулдан арыз жана ар кандай маселелердеги кайрылууларды кабыл алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 293 кайрылуунун 66сы милицияга тиешелүү болгондуктан, бардык маселелер мыйзам чегинде чечилип, калган кайрылуулар тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Сузак районунун аймагында эл менен тартип сакчыларынын ортосундагы мамилени жакындатууга “милициянын көчмө кабылдама унаасы” көмөктөшүүдө. Бул унаа менен милиция кызматкерлери арыз-даттанууларды жергиликтүү калктан, айрыкча райондун борборунан алыс жайгашкан аймактарга барышып, жеринде жарандарды кабыл алып келүүдө. Ошондой эле район аймагында кылмыштуулуктун жана кырсыктардын алдын алууда кызматкерлер айыл аралап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасы Жалал-Абад облусунун аймагында бир топ жылдан бери элге кызмат көрсөтүп келет жана милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө, айрыкча кылмыштуулуктун алдын алуудагы салымы өтө зор экендигин жергиликтүү кызматкерлер белгилеп келишет.

Пикир

Оставить комментарий