• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө селдин кесепеттери жоюлуп, куткаруучулар туруктуу ордуна кайтышты

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Түп районунун Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарындагы селдин кесепетин тазалашкан куткаруучулар туруктуу кызмат орундарына кайтышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Балыкчыдан 22, Ак-Суудан 15 жана Жети-Өгүздөн 10 куткаруучу сел жүргөн айылдарда иштерин аякташты. Аларга облус башчысы Илияз Иманбетов жана жергиликтүү айылдардын тургундары терең ыраазычылык билдирип узатышты. Ал эми Каракол, Түп ӨКБларынын куткаруучулары аталган айылдарда иштерди улантышат жана атайын инженердик техникалар тазалоо иштерин жүргүзүшөт.

Куткаруучулар ички чарбалык 4430 метр жолду, 82 үй, бир мектеп жана бир бала бакчанын короо жайларын, жер төлөлөрдү тазалашты.

Эскерте кетсек, 7-августта аталган аймакта нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, анын кесепетинен айылдарда 100гө жакын турак-жай, ички чарбалык жолдор жана айдоо талаалары зыянга учураган.

Пикир

Оставить комментарий