• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас шаарына 1224 орундуу заманбап чоң мектеп курулат

Аймак 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Талас шаарына 3 гектер жер тилкесине 1224 орундуу ири мектеп курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү мектеп курула турган жер аянты менен таанышты.

Белгиленгендей, жаңы курула турган мектепте спорт аянтча, бассейн, китепкана, 600 орундуу жыйын зал, спорттук зал, 612 орундуу мектеп ашканасы жана атайын унаа токтотуучу жай курулат. Долбоордо мектеп бардык заманбап талаптарга ылайык жабдуулар менен жабдылат. Аны менен катар таза суу, саркынды сууга туташтыруу, жылуулукка жана электр жарыгына кошуу каралган.

"Бул жылы мектептин долбоордук сметалык документтерин, тийиштүү иш кагаздарын даярдоо иштери жүргүзүлөт. Мектептин курулуш иштери 2025-жылдын жаз айлары менен баштоо пландалууда.

Бүгүнкү күндө Талас шаарында орус тил багытындагы мектептерге болгон талап жогору. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса жаңы салына турган мектеп орус тилинде билим берет. Ал үчүн Орусиядан усулдук тажрыйбасы жогору мугалимдер келишет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду буга чейин Кыргызстанга тез жардам унаасын сатып алууда жана чакан ГЭСтерди курууда бир катар иштерди жүзөгө ашырышып, колдоо көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий