• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндө каналдан суу ашып, үйлөрдүн короосун каптады

Аймак 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Чарба айылында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен ички чарбалык каналдан суу ашкан. Натыйжада суу 7 турак үйдүн короосун каптаган, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Алдын ала маалыматка ылайык, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Жерине КР ӨКМнин Өзгөн райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана айыл аймактан 1 техника тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында түнкү саат 01:50дө каналдагы суунун нугу сайга бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий