• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеӊеш өкмөттүн 2018-жылдагы иши тууралуу отчетун угууну улантылып жатат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 25.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүн, 25-апрелде өтүп жаткан жыйынында кечээ угула баштаган Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун угуу жол-жоболору улантылууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышып жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин кечээки жыйынында бир катар депутаттар тарабынан Ысык-Көл өөрөнүндөгү Кызыл-Омпол жергесинде жайгашкан уран кениндеги чалгындоо жана иштетүү жумуштарын токтотуу боюнча маселе козголгонун эске салып, кендеги жумуштар убактылуу токтотулганын, жакын арада техникалар ташылып кетерин билдирди.

Ал андагы абал менен жеринен таанышуу үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган жумушчу топ жөнөп кеткенин, алар жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, кенди иштеткен компаниянын иши менен таанышкандан кийин так маалымат бериле турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жыйын жүрүшүндө “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов менен “Бир Бол” фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоо жана иштетүү жумуштарына 2070-жылга чейин мораторий жарыялоо демилгесин көтөрүп, өкмөт башын аны колдоого чакырган эле.

Ал эми Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, жогоруда аталган мөөнөткө чейин дегеле уран кендери боюнча баардык геологиялык иштерге тыюу салынууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий