• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери өлкө аймагы боюнча 22 миң 634 кылмыш иши козголгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын алты ай ичинде жалпы 22 миң 634 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде өндүрүштө турган 49 миң 622 кылмыштын ичинен 14 миң 849 фактынын бети ачылган. Былтыр сотко 9 миң 468, быйыл 9 миң 891 кылмыш иши жөнөтүлгөн. Республика боюнча былтыр 12 миң 428 кылмыштын бети ачылса, быйыл 14 миң 849 иштин бети ачылды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында 1 миң 482 адамдан турган 603 кылмыштуу топ колго түшүрүлүп, алар тараптан 1 миң 290 кылмыш жасалгандыгы аныкталган.

Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында жол кырсыктардын саны төмөндөгөнү менен ага байланыштуу айрым көрсөткүчтөр жогору. Республиканын аймагында былтыр 3 миң 406 жол кырсыгы катталган болсо, быйыл 3 миң 34 жол кырсыгы болгон.

Пикир

Оставить комментарий