• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбор калаада милиция кызматкерин унаада сүзүп кеткен айдоочуну кармашты.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 9-февралда саат 11:00дөр чамасында айдоочу “Тойота Вит” унаасында Ч.Айтматов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Жол кырсыгынан жабыркаган кайгуул кызматкери ооруканага жеткирилген.

Окуяга шектүү катары 31 жаштагы Н.Э.А. аттуу айдоочу кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий