• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жасалма акчаларды мыйзамсыз жүгүрткөн эл аралык кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Өзбекстан мамлекетинин Мамлекеттик коопсуздук кызматы (МКК) менен биргеликте өзбек жана кыргыз жарандарынан турган, жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүрткөн эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт койду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

2020-жылдын 3-февралында биргеликте өткөрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын Наманган шаарында жасалма (жүз долларлык купюралар) 20 000 АКШ долларын сатуу учурунда кыргыз жараны М.Н. кармалды.

Азыркы убакта КР УКМК Башкы башкармалыгы жасалма акча каражаттарын даярдоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо багытында ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий