• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: "Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. "Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-мартында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий