• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новопокровкада 18 жаштагы жигит колонияга баңгизатын киргизүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Новопокровкада 18 жаштагы жигит колонияга баңгизатын киргизүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү саат 04:00дөр чамасында Новопокровка айылындагы кайтарылган №3 мекеменин тосмосунун жанынан 18 жаштагы С.Ж.М. кармалган.

“Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринин тургуну тыюу салынган буюмдарды мекеменин аймагына өткөрүүгө аракет кылган. Тинтүү учурунда полиэтиленге оролгон таңгак табылган, анын ичинде баңгизаттарына мүнөздүү жыты бар жашыл зат болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран жана алынган зат кошумча иликтөө үчүн Ысык-Ата РИИБине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий