• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте коңшу өлкөдөн 94 баш кой айдап келе жаткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Лейлек районуна коңшу өлкөдөн аткезчилик жолу менен мал алып кирген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Лейлек РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын милиция кызматкерлери тарабынан Кулуңду айыл аймагына караштуу Булак-Башы айылынын “Курсай” деген участкасында 2024-жылдын 8-февраль күнү таңкы саат 05:40 чамасында 53 баш кой, 41 баш козусу менен, жалпы 94 баш малды коңшулаш өлкөдөн Кыргызстандын аймагына өткөрүп жаткан жеринен Раззаков шаарынын Чимген айылынын 26 жаштагы М.О. аттуу тургуну кармалды.

Бул маалымат Лейлек РИИБге КР Кылмыш жаза кодексинин "Экономикалык контрабанда" беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган жаран тергөө кызматына камсыздалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий