• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров БАЭнин вице-президенти менен кызматташтыкты тереңдетүү жолдорун талкуулады 

Президент 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары - БАЭ) өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын Башкаруучусу Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мухаммад бин Рашид Аль Мактум президенттин Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуусун кубаттап, анын БАЭге сапары жана жетишилген макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык алакалардын активдүү жанданышын канааттануу менен белгилеп, 2013-жылдан бери Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммити дүйнө өлкөлөрү үчүн практикалык кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтчага айланганын айтты.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы Мухаммад бин Рашид Аль Мактумду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий