• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажычылар Өзбекстандан контрабандалык жүктү ташып кирүүгө аракет кылган адамды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Өзбекстандан Кыргызстанга контрабандалык жүктү ташып кирүүгө аракет кылган адамды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Оперативдүү” бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын “Чоң-Гара” анклавынан чыгууда Б.Ж.А., аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Mercedes-Benz 817 үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилген.

Унааны текшерүүдө андан ары сатуу үчүн арналган чарба идиш-аяктардын ассортименти табылган. Б.Ж.А., Өзбекстандан Кыргызстанга жүктү мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет жасаган.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий