• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

ТИМ: Москвада өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Москванын түштүгүндөгү мейманканадан чыккан өрттүн кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 28-июлдан 29-июлга караган түнү Москванын түштүгүндө мейманканадан ири өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, төртөө жабыркаган.

“Учурда Россиянын укук коргоо органдары тарабынан өрттүн келип чыгуу себептери, ошондой эле каза болгондордун жана жабыркагандардын өздүгү такталууда. Белгиленгендей, алардын өздүгүн тастыктаган документтер күйүп кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, окуя болгон жерде элчиликтин кызматкери жүрөт. Алдын ала маалымат боюнча, өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок.

"Бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө", - деп айтылат тышкы саясий ведомствонун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий