• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт катталган.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 130 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган жалпы аянты 80 чарчы метр болгон турак үй күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий