• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусуна 439,3 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын 11 айында Баткен облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 439,3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен:

Бюджеттер аралык трансферттер:

  1. Теңдөөчү трансферт – 302,3 млн сом;
  2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 27,9 млн сом;
  3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 45,4 млн сом;
  4. Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13,6 млн сом;
  5. Бирдиктүү салык компенсациясына – 50,1 млн сом.

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 13,8 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле мамлекеттик програмасына 500 млн сом, компенсация 39 млн сом каржыланды.

Жалпы – 992,1 млн сом

Пикир

Оставить комментарий