• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖӨБ органынын кызматкерлери квалификациясын жогорулатууда

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча 72 сааттык курстун алкагында жергиликтүү депутаттар, айыл өкмөт башчылары, айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчылары үчүн Ханнс Зайдель фонду тарабынан окуу семинары уюштурулууда. Тренинг 28-июлдан 2-августка чейин созулат.

Тренингдин алкагында бүгүн, 29-июлда, ЖӨБ органдары боюнча эксперт Асылбек Чекиров катышуучулар үчүн “Муниципалдык менчикти башкаруу”, “Аймактарда жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү (инвестициялоо) мүмкүнчүлүктөрү” деген темада тренинг өткөрдү.

Эксперт белгилегендей, ЖӨБ органдарын өнүктүрүүдө бир топ көйгөйлөр бар.

“Муниципалдык менчикти башкаруудагы негизги көйгөйлөр - муниципалдык менчикти каттоодо, ээлик кылуу жана тескөөдө эрежелердин сакталбагандыгы, экинчи көйгөй – экономикалык туруктуулуктун жоктугу", - деп баса белгиледи ал.

Чекировдун айтымында, айыл өкмөттөр социалдык объектилерде (мектеп, жолдордо) иш-чараларды жүргүзүүнү үйрөнүп алышты.

"Айыл өкмөт өкүлдөрү долбоорлорду жазып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен объектилерди кармап турушат. Дагы бир маселе муниципалдык менчик боюнча, аны өнүктүрүүгө багыттоо керек. "Ишкерлер менен мамиле түзүү, бизнести өнүктүрүү үчүн нөлдүк ставкаларды коюу менен мүлк ишкерлердин кызыкчылыгына иштешин камсыз кылуу абдан маанилүү", - дейт ал.

Тренингде айыл өкмөт өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мисалга, Аксы районунун Жергетал айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Нурзат Багышбекова алардын айыл өкмөтү кара өрүктү экспорттоого кандай шарт түзүүнү пландап жатканын айтып берди.

"Имарат 7 млн сомго курулган. Бирок жабдууларды алууга каражат жетишсиз болгондуктан, жайларды сарамжалдуу пайдалануу максатында инвесторлорду тартууга сынак жарыялаганбыз. Учурда инвесторлорду таба албай, ишкерлерди тарта албай жатабыз", - деди тренингдин катышуучусу.

Тренингдин катышуучулар менен жолугушууга келген Ханнс Зайдель фондунун директорунун орун басары Каныбек Сыдыкбеков фонд Кыргызстанда 20 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткандыгын билдирди.

"Фонд Жусуп Абдрахманов атындагы КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге арналган магистрдик программаларды өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп келүүдө. Фонд магистратурада окууга мүмкүнчүлүгү жок айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар, депутаттарга 2015-жылдан бери атайын 72 сааттык магистрдик курстарды ачкан. Аталган курстарды уюштурууда КРнын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте иш алып баруудабыз. Курстарда эң маанилүү темалар боюнча семинарларды өткөргөнгө аракет кылып жатабыз жана ага катышууга эң мыкты окуучуларды чакыруудабыз”, - деди ал.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси Калыбек Алышбаев өз сөзүндө аталган фонд тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо боюнча бир топ иштер аткарылгандыгын баса белгиледи.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча көптөгөн долбоорлор, окуу семинарлары өткөрүлүүдө", - деп кошумчалады Алышбаев.

Белгилей кетсек, аталган тренинг үч күнгө созулат. 30-июлда “КРнын жергиликтүү бюджеттерин түзүү жана аткаруу”, 31-июлда “КРдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери” деген темада Каржы министрлигинин бюджет башкармалыгынын башчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт, тренер, Самыбек Эсенбеков өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий