• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда биринчи кыргыз дирижёру Асанхан Жумакматовдун 100 жылдык мааракеси белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, атактуу дирижёр Асанхан Жумакматовдун 100 жылдык мааракеси белгиленди.

Саамалыктын жүрүшүндө Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын чыгармачылык жамааты тарабынан оркестрдин коштоосу менен жандуу ырлар жаңырды.

Ошондой эле биринчи кыргыз дирижеру, өзүнүн чыгармачылык жолунда бир топ белгилүү инсандарды тарбиялап өстүргөн Асанхан Жумакматовдун өмүрү, кыргыз маданиятына кошкон салымы тууралуу баяндалды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова, облустук мекеме-ишканалардын жамааты жана шаар тургундары катышты.

Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында төрөлгөн. Жетимиш жыл өмүрүн музыкага арнаган профессор 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий