• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Көл шаарында Ленин көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрү алмашылды

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Кара-Көл шаарында Ленин көчөсүндөгү жылуулук түтүктөрү алмашылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын бардык ишканаларында күз-кышка карата элибизге жылуулук берүү үчүн даярдыктар үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин "Кара-Көл жылуулук менен жабдуу" филиалы тарабынан төмөнкү иштер аткарылды:

- ЦТК Р Электр откана - насостук агрегаттар, запордук арматура жана шкаф управления КИПиА- 95 пайызы капиталдык, кезектеги ондоодон толугу менен отту, Ленин көчөсүндө 6-үйдөн 8-үйгө чейинки 408 метирдик Д-159мм жылуулук түтүктөр алмаштырылды;

- Электроткана Тавашарова - соргуч тетиктер, жабуу тетиктери жана приборлор жана автоматика башкаруучу аппараттары капиталдык жана кезектеги ондоо иштери 75 пайыз аткарылды;

- Электроткана ДСР - соргуч тетиктер, жабуу тетиктери жана приборлор жана автоматика башкаруучу аппараттарды капиталдык, кезектеги ондоодон жылдык пландын негизинде оттуудо. Сабирова көчөсүндө 277метр Д-108мм болгон жылуулук түтүктөрү алмаштырылды;

- Электроткана Бекташ - соргуч тетиктер, жабуу тетиктери жана приборлор жана автоматика башкаруучу аппараттарды капиталдык, кезектеги ондоодон жылдык пландын негизинде толук аткарылды;

- Электроткана Кетмен-Төбө –соргуч тетиктер, жабуу тетиктери жана приборлор жана автоматика башкаруучу аппараттарды капиталдык жана кезектеги ондоо иштери 75 пайыз аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий