• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда дагы бир "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбеков Жалал-Абадда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылышына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, депутат Токторбеков "Эл Аман" мамлекеттик дарыканаларын колдоо жана андан ары өнүктүрүү максатында аталган дарыкананын имаратын курууга каражат бөлгөн.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл өкүлүнө тармакка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, министрдин тапшырмасы менен калкты арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында 2023-жылдын ноябрь айынан тарта "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалар тармагы ачыла баштаган. Жалпысынан учурда республика боюнча 80 дарыкана, ал эми Жалал-Абад облусунда 13 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий