• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда жайыттарды жакшыртуу иштери колго алынды — Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинде "Климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектерди Кыргызстандагы токойлор жана жайыттарда секвестрлөө (CS-FOR)" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу иштери башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоордун максаты — токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестицияны колдоо жана деградациянын жана эмиссиянын кыймылдаткычтарын азайтуу аркылуу көмүртектин секвестрациясын жогорулатуу.

"Буга жетишүү үчүн жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга экосистеманын катышуусунун негизинде институционалдык колдоо ишке ашырылат, ошондой эле экологиялык багыттагы инвестициялар тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, БУУ ФАО, Токой кызматы, Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) долбоорду координациялоону камсыз кылуучу аткаруучу уюмдар болуп саналат.

Жайыттарга мониторинг жана балоо жүргүзүү, үрөн себүү жана башка жумуштарды биргеликте аткаруу үчүн 2024-жылдын март айында департамент менен АРИС ортосунда мемарандум түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий