• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы курулган имаратын ачты

Президент 0

Бишкек, 12.04.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын жаңы курулган имаратын ачты.

Оорукананын курулушу 2023-жылдын май айында республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Аталган медициналык мекеменин үч кабаттуу имараты 100 орунга эсептелген. Жаңы имаратта терапия, неврология жана “жасалма” бөйрөк бөлүмдөрү жайгашкан. Жалал-Абад облустук ооруканасы 435 керебет менен жабдылган, облустун бардык райондорунан 1,2 миллион калкы бар бейтаптарды жана 135 миң калкы бар шаар тургундарын кабыл алат жана тейлейт.

Мамлекет башчысы катышуучуларды оорукананын жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, жарандардын ден соолугу мамлекеттик саясаттын приоритети экенин белгиледи. Ал оорукана ар кандай кызматтарды сунуштоо менен дартына даба издеп келгендердин муктаждыктарын канааттандырат деп ишенет.

Садыр Жапаров мамлекет элдин ден соолугуна кам көрүү багытында биринчи кезекте алдын алуу иштерине көңүл бурууга жана мына ушундай заманбап медициналык имараттарды курууга милдеттүү экенин баса белгиледи. 2022-жылы медицина тармагына 207 атайын жабдык алынган. 218 тез жардам, 117 санитардык унаа, жалпы жонунан 335 автоунаа сатып алынган. Ал эми 2023-жылы болсо медициналык 30 объектиде курулуш иштери жүргүзүлдү: облустук ооруканалар жаңырды, перинаталдык борборго 222 млн сом акча каражаты бөлүнүп, курулушу башталды. Жер-жерлерде мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Садыр Жапаров өткөн жылы бөйрөктү алмаштыруу борборун ачылганын эске салып, боорду алмаштыруу борборун уюштуруу боюнча чечим кабыл алынганын айтты. Кыргызстанда Түркиянын дүйнөгө аты угулган дарыгерлеринин тажрыйбасына таянып, улуттук борбор түзүлөт. Муну менен боорунан жабыркагандарды нечендеген жылдар бою түйшөлткөн маселе чечилет. Жылдын аягына чейин тиешелүү иштер башталат.

Мамлекет башчысы өткөн жылы Жалал-Абад облусунда 12 фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилгенин айтты. Бүгүн Жалал-Абад шаарында жаңы 2 оорукананын имараты пайдаланууга берилип жатат. Акыркы эки жыл аралыгында өлкөбүздөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы ири реформалардын алкагында жалпысынан республика боюнча ооруканалардын шарт-жагдайларын жакшыртуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракети көрүлүп жатат. Жалал-Абад облусунун калкынын ден соолугуна кам көрүүчү негизги медициналык мекеме болгон облустук ооруканын эскилиги жеткен дарылануу корпустары жаңыланууда.

Садыр Жапаров үч кабаттуу даяр жаңы имарат пайдаланууга берүү алдында турганын, эми мындан ары жаны кейип, дартка даба издеп келген тургундар керектүү бардык шарттар түзүлгөн медициналык мекемеде дарыланып баштаарын белгиледи. Өмүр сакчылары болсо заманбап, жайлуу имаратта өз жумуштарын улантышмакчы.

Президент курулушка жумшалган каражат 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү багытында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен жүргүзүлгөнүн маалымдай кетти. Шаарды өнүктүрүүгө каралган каражат калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу, өндүрүш жайларын ачуу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушуна жумшалды.

Мындан башка Мамлекет башчысы аталган 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен Жалал-Абад облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы заманбап имараты дагы курулду. Ал ошондой эле курулуп жаткан, көбү бүткөнү калган башка медициналык объектилер жөнүндө айтып берди. Жалал-Абад облусунда саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жогорку темпте кетүүдө, аны жакшыртуу аракеттери мындан ары да улантыла бермекчи.

Андан соң президент Садыр Жапаров жаңы имаратты кыдырып, гемодиализ үчүн орнотулган атайын жабдууларды көрүп чыкты, медицина кызматкерлери менен баарлашты.

Пикир

Оставить комментарий