• 88.68
  • 95
  • 0.95

Япония Кыргызстанга $7,25 млн грант берет. Макулдашууну ратификациялоого кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы "Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен JICA ортосундагы "Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2023-жылдын 11-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 20-ноябрында Токио шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана 2023-жылдын 11-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан “Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдууну жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында 1 млрд 87 млн япон йен (болжол менен 7,25 млн АКШ долларына жакын) өлчөмүндө грант берүү каралган.

Гранттык каражаттар мамлекеттик ирригациялык фондду талаптагыдай кармоону жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө сугат суусун үзгүлтүксүз берүүнү ишке ашыруу үчүн КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматын жер казуучу жана башка техника менен камсыз кылууга, ошондой эле суу чарба объекттерин реабилитациялоого жана курууга багытталат.

Ошону менен бирге жогоруда аталган долбоордун алкагында 44 даана жер казуучу жана башка техника менен камсыз кылуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий