• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“КР жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “КР жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыктарга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” үч Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин эки Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 347 адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 142 адам чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 10-майындагы № 85 “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 10-майындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 10-мартындагы № 87 “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгынын тексти >>>

Пикир

Оставить комментарий