• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Казакстанда кыргызстандык музыканттын кармалышына байланыштуу пикирин билдирди

Президент 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Facebook`тагы расмий баракчасында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы боюнча окуяга пикирин билдирди.

“Урматтуу Кыргызстандыктар!

Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз.

Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.

Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү”, - деп жазган өлкө башчысы.

Мурдараак, Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Туугандарынын маалыматы боюнча, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий