• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкаларды русофобияга айыптоо менен ксенофобияны кантип жашыруу керек?

Коом 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Башкаларды русофобияга айыптоо менен ксенофобияны кантип жашыруу керек? Муну Кыргызстандын президенти Алмазбе Атамбаевдин сөзүнө нааразы болуп, аны русофобияга айыптаган россиялык журналист Олег Кашинден үйрөнүүгө болот.

Атамбаевдин русофобиясы эмнеде? “Биринчиден, Россия элдеринин тарыхын билбегендерге эскертким келет, кыргыздар Сибир, Алтайдан чыккан эл жана алтай элдерине, улуу алтай цивилизациясынын мураскерлерине кирет.

Кыргыздар менен тилдик бир топко Россия Федерациясынын бир катар боордош элдери кирет. Мисалы, татар, башкыр, хакас, тувин жана башкалар. “Сибир” сөзүнүн өзү кыргыздын “Шибер – көк шибер талаа”, “Байкал” – “Байкөл” - бай көл, “Енисей” – “Энесай” деген сөздөрүнөн. Урал дарыясы да мурда Жайык, Яик – кең деп аталып келген.

Россиянын көптөгөн улуу жарандарынын түпкү ата-бабалары алтай элдеринен. Бул тууралуу алардын Карамзин, Аксаков, Тургенев, Есенин, Ушаков, Кутузов деген фамилиялары айтып турат. Азыркы учурдагылардан Нарышкин, Шойгу, Кара-Мурза жана башкаларын айта алам” – деген Кыргызстандын президентинин сөзүнөн Кашин орус элине болгон кастык мамилени байкаган.

Сибирдин, түрк элдеринин жана кыргыздардын тарыхы менен аздыр-көптүр тааныш ар бир адам мында эч кандай русофобияга кыйытуунун жоктугун айтат. Болгондо да, Атамбаев өз кезегинде тарыхый булактарга, археологиялык казуулардын жана этнографиялык, лингвистикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянган Россия жана башка өлкөлөрдүн тарыхчыларынын тарыхый изилдөөлөрүнүн бүтүмүнө таянып айтууда.

Балким Кашин Атамбаевге нааразы болуп, аны оройлукка, русофобияга айыптоонун алдында 16-18-кылымдардагы Сибирде орус падышалары тарабынан дайындалган аскер башчылардын маалыматтарынан турган архивдерди изилдеп алганы туура болмок. Ошондо ага соңку кыргыз уруулары сибир талааларынан 18-жүз жылдыкта кетишкени белгилүү болмок. Ошондой эле, журналист Гумилев жана башка белгилүү россиялык тарыхчы, этнографтардын эмгектери менен үстүртөн болсо да, таанышып чыкса болмок. Бирок, Кашинге курулай Атамбаевди русофобияга айыптоо оңой болду.

Эң тамашалуусу Кашин Атамбаевдин сөзүндө айтылбаган сөздөрдү ага энчилеп жатканы. “Силер бизден тарагансыңар”, “биздин түпкү жерлерибизде жашап жатасыңар”, “биздин балдарыбыз силердин метродо жарылууда – себеби буга силер жеткизип жатасыңар” дегендин баары – биздин өлкөгө кастык мамиледеги чет өлкө жаранына ылайык риторикалык арсенал”, - деп жазат Кашин.

Бирок Атамбаевдин сөзүн окуган же уккандын баары мындай кескин сөздөрдү угушкан эмес. “Россия үчүн көйгөй “бөтөндөр”, Кыргызстандан барган эмгек мигранттары эмес, Россиянын ичинде ксенофобияны жана улуттар аралык ажырымды тутантып жаткан өздөрүнүн айрым жазуучулары жана саясатчылары.

Эгерде питердик теракттагы эң башкы шектүү кыргыздардын Ош шаарында туулган өзбек болсо эле, буга өзбектер менен кыргыздарды айыптоого болбойт. Себеби ал атасы сыяктуу эле Россиянын жараны болгон. Жана 16 жашынан Россияда жашаган. Балким, дал ушул ксенофобия жана скинхеддер аны экстремизмге түртүштү.

Ар бир үй-бүлөдө бирден начары чыгат. Бардык жерде арамзалар жана баатырлар бар. Бирок Гитлер же Чикатило, Брейвик же Ткач боюнча бүтүндөй элди баалоого болбойт.

Биз, кыргыздар үчүн Россия тарыхый түпкү мекенибиз. Ар бир кыргыз үчүн Манас, Алтай, Энесай сөздөрү ыйык болуп саналат. Элибиз өзүнүн түпкү тамырын билет жана боордош Россия менен кыйын кездерде да бирге болот. Биз муну Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көрсөткөнбүз”,-деген Атамбаев Улуу Жеңиш күнү.

Бирок Кашин таптакыр башка нерселерди окуп жана уккан, кыялындагыны чындыкка айланткан сыяктуу. Андан соң Кашиндин макаласында жемелөө менен Кыргызстанга карата тымызын жек көрүү байкалат.Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара алакалар жана кызматташууларды Кашин өзүнүн СССРдин учурунда калган же улуу державалык идеялардын, ачык улуу орустук шовинизмге берилүүнүн натыйжасында калыптанган ишенимдеринин негизинде карайт.

Атамбаевдин сөзүнүн кайсы жеринде Россияга карата оройлук байкалганы белгисиз. Балким бул бөлүгүндө: “Улуу Россиянын күчү Россияны мекендеген бардык улуттардын жана элдердин биримдигинде. Бул үчүн расизм менен ксенофобиянын ар кандай белгилери менен күрөшүү керек”.

Президент Россия сыяктуу көп улуттуу жана көп конфессионалдуу өлкөдө ксенофобия – жол бербөөгө болбой турган өзгөчөлүк, катастрофага карай жол экендигин гана эскертти.

Айрым жерлердеги Кашиндин компетенттүүлүгү “таң калтырат”. “Негизинде, бул чыныгы, Атамбаев ойлоп чыгарбаган, тамыры Россияда тыюу салынган ИМден жайылган ислам агымдары менен күрөшүүнүн ордуна экстремизм менен күрөшүүнү жактырган россиялык атайын кызматтардын ишиндеги артыкчылыктардын орду, мында Атамбаев ФККнын бардык генералдары ойлогон нерсени кайталап отурат”, деп жазат Кашин.

Россиянын атайын кызматтарынын генералдары эмне тууралуу ойлонушат айтуу кыйын, бирок, эгерде өлкөдө экстремизмдин бардык түрлөрү менен күрөшүшсө, мамлекет жана коом оор абалда калуусу мүмкүн. Экстремисттик идеяларга, агымдарга жетишсиз көңүл буруу ультрарадикалдуу, улуттук, ошондой эле, диний уюмдарга согушчандарды топтоонун ыңгайлуу мобилдик чөйрөсүнө айланат.

Тымызын ислам агымдарынын тамыры Ислам мамлекетине кете тургандыгы тууралуу ырастоо кыйла туура эмес угулууда. Тилекке каршы, Кашин мырза, Россиядагы жашыруун ислам агымдары Ислам мамлекетин түзүү идеясы пайда боло электе эле түзүлгөн.

Мындай компетентсиздиктин негизинде социалдык тармактарда айрым кыргызстандыктардын россиялык журналисттин Атамбаевге каршы айткандыгына кубанып, Кашиндин сөзүн келтирип жаткандыктары өкүнүчтүү. Жада калса, “менин душманымдын касы – менин досум” принцибин кармануу менен мындай бош жазууларга сын ой жүгүртүү ойлоруна да келген жок.

Ильяс Кангелди

Булагы АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий