• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жыл сайын 100 лифтти алмаштыруу пландалууда

Коом 0

Бшкк, 05.07.22. /Кабар/. Бишкекте жыл сайын 100 лифтти алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал "Скай лифт" жана "Могилев лифти" компаниялары тарабынан лифттерди жеткирүү боюнча сунуштар коюлганын билдирди.

"Беш жылдын ичинде 600 жаңы лифт сатып алуу пландалууда. Лифттерди лизингге берген жаңы компания бар — жыл сайын 100 бирдиктен. Лизингдин негизинде үч-жети жыл иштөө керек. Негизи, алар менен келишим түзсөк, беш жылдын ичинде борбордогу бардык лифттерди жаңырта алабыз", — деди мэр.

Калаа башчысы кошумчалагандай, алардын кызматын аутсорсингге берүү пландары бар.

Пикир

Оставить комментарий