• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштун Ленин көчөсүндөгү 5 чакырым тротуарды реконструкциялоо жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан Ленин көчөсүн бойлой жолдун эки тарабына тротуар куруу иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иштин жалпы узундугу 5 чакырымды түзөт. Тротуардын туурасы - эки тараптан 2,25 метр.

Оңдоп-түзөө иштерин үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

"Мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйыл Ош шаарында 38 көчөнүн боюндагы тротуарлар реконструкцияланат. Бардык жумуштарды ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү мерчемделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий