• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын карыларына сый көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлик башчылары карыялардын үйүнө барышып, куттуктап келишти.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошев, шаардын 1-вице-мэри Майрамбек Адылбеков баш болгон жетекчилер шаар тургундарынын арасында эң узак жашаган кадырман карылардын үйүнө барып, кабар алып кайтышты. Ардактуу карыяларга куру кол барбай, алар үчүн атайын азыктардан даярдалган белектерди берип, кенен баарлаша алардын ак баталарын алышты.

Быйыл жашы 100гө келген Сонунбү Эримбетова, 95ке келген Тургунай Абдырайимова шаар башчыларына ыраазычылыктарын айтып, ак баталарын беришти жана иштерине ийгиликтерди каалашты.

Ошондой эле шаардагы ресторандардын биринде 100гө чукул карыяларга шаар бийликтери ак дасторкон жайып, майрамдык сый тамак тартуулашты.Шаардын кадырман карыялары шаар жетекчилерине бул майрамдык иш-чара үчүн ыраазы болушуп, шаар күндөн-күнгө өсүп-өнүгүп, жакшырып баратканы, буюрса өлкөдөгү эң алдыңкы шаарлардан болору тууралуу кеп кылышты.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы 1-октябрь Карылар күнүнө карата жашы эң улуу 124 карыга бирден азык-түлүк баштыктарын тапшырышты.

Бул майрамдык иш-чараларга шаар бюджетинен 100 миң сом каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий