• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокенде ардагер Жумабай Токтогуловго ИИМдин юбилейлик медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, эс алууга чыккан ардагер Жумабай Токтогуловго ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы тапшырылды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Токтогуловго ошондой эле калпак, чепкен кийгизилди.

Жумабай Токтогулов 1942-жылы 3-мартта жарык жүйнөгө келип, бүгүн 80 жашка толду. Аны Ноокен райондук милициясынын башчысы Алтынбек Мусаев куттуктап, бекем ден соолук каалады. Ошондой эле жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуусуна, милицияда иштеген жылдары топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана акыл-насаатын айтуусуна тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде Токтогулов Ноокен райондук милициясынын жетекчилигине жана Ардагерлер кеңешине ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалап, ак батасын берди.

Ички иштер органдарынын ардагери Жумабай Токтогулов 1965-жылы Караганда шаарындагы орто мектебин аяктаган. Алгач Ош шаарында участкалык инспектор болуп жумушка орношуп, кийин Бишкек шаарында, Ноокен районунда кылмыш иликтөө багытында эмгектенген. 1996-жылы ардактуу эс алууга узатылган. Эс алууга чыккандан кийин Кочкор-Ата шаарындагы техникалык билим берүү жайларында дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо сабактарынан мугалим болуп эмгектенген. Жумабай аксакал үч баланын сүйүктүү атасы.

Пикир

Оставить комментарий