• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен шаарында 10 млн сомго жаңы көпүрө курулду

Аймак 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндө жаңы көпүрө курулду. Учурда актап-сырдоо иштери жасалууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, курулушка жалпы 10 млн сомдон ашуун каражат жумшалган. Анын 7 млн 500 миң сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан, 2 млн 800 миң соу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, буга чейинки аталган көпүрө көп келген сел сууларынан улам жараксыз абалга кептелип, кооптуулук жараткан.

Акыркы келген сел суулары сайга жакын жашаган тургундардын короолоруна кирип зыянга учураткан болчу.

Пикир

Оставить комментарий