• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте руханий баалуулуктар жөнүндө социалдык роликтер сериясынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 14.11.23./Кабар/. Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Эл наркы" аталыштагы социалдык ролик сериясынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Руханий баалуулуктар жөнүндө роликтер "Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси тарабынан даярдалган.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, атайын чакырылган коноктор жана кеңири коомчулук катышты.

Саамалык социалдык роликтердин сериясын жаңы тартылган клип, улуттук кийимдердин коллекциясы жана "Ордо Сахна" фольклордук ансамблинин концерттик программасы менен коштоду.

Андан соң, мамлекеттик катчы жана маданият министрине сөз берилди.

Анда нечен кылымдарды карыткан кыргыз элинин калыптанган жүрүм-турум адеби, каада-салты, дүйнө таанымы мезгил сынагынан өтүп, улуттук нарк менен бекемделип келгени тууралуу кеп болду.

"Ошондой эле, жаңы технологиялардын айдыӊы менен ааламдашуунун чеӊгээлине кирип, өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз үчүн нарктуу коомду куруу негизги милдет экендиги баса белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, иш-чарада президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий