• 88.68
  • 95
  • 0.95

Испаниялык адис Кыргызстандын футзал боюнча курамасынын башкы машыктыруучу болуп дайындалды

Спорт 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Испаниялык адис Луис Бернат Молина Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.

Бүгүн жаңы машыктыруучу жана Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков эмгек келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынын билдиришти.

Маалыматта эмгек келишими канча жылга түзүлгөндүгү көрсөтүлгөн эмес.

Улуттук III даражадасындагы футзал боюнча машыктыруучулук лицензиясынын (RFEF) ээси Луис Бернат Молина 46 жашта.

Башкы машыктыруучу кызматындагы иш тажрыйбасы:

  • 2015-2016 - «Нант Эрдре» МФК (Франция)
  • 2016-2018 - «Тулон» МФК (Франция)
  • 2018-2019 - Вьетнам жана Таиланд жаштар улуттук курамалары
  • 2019-2022: «Пескадола Мачида» МФК (Жапония)
  • 2022-2023 - «Блювейф Чонбури» МФК (Таиланд)

Белгилей кетсек, команданын мурунку башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жана анын жардамчылары жаңы машыктыруучулар штабынын курамына киришет.

Эске салсак, 2024-жылдын 17-28-апрелинде Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө ойнойт, анда ата-мекендик курама башкы орундардан сырткары, Дүйнөлүк чемпионатынын жолдомосу үчүн күрөшөт.

Жолдомолорго турнирдин жыйынтыгындагы эң күчтүү төрт курама ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий