• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто коммуналдык чарба кызматкерлердин арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта коммуналдык чарба кызматкерлердин кесиптик майрамына карата волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Расмий бөлүгүнө Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, коммуналдык чарба кызматкерлери катышты,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Асылбек Топчубаев Ош шаарын өнүгүп өсүшүнө коммуналдык чарба кызматкерлеринин салым чоң экендигин белгилеп, эл үчүн ак эмгек кылып, спорт менен машыгып, дени сак коомду курууга өбөлгө түзгүлө деген тилектерин билдирди.

Мелдешке “Ош шаар суу канал”, “Ош тазалык”, “Шаар свет”, муниципалдык ишканалары, Жылуулук камсыздоо борбору, Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты жана Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгы катышты.

Катышуучулар эркектер жана аялдар командаларына бөлүнгөн. Жалпы байге фонду 50 миң сом болду.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий