• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борбордук Азиянын Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Президент 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-мартта Казакстандын Астана шаарына иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышты. Жолугушуунун жыйынтыгы менен Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстан Межлисинин Төрагасы Акджа Нурбердыев катышышты.

Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын саммити болоор алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирүү жасады. Билдирүүдө жолугушуу өз ара түшүнүшүү маанайында өткөндүгүн, эл аралык күн тартибинин бардык актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болгондугун белгиледи. Анын ичинде регионалдык коопсуздук, канатташ чек аралар, транспорттук коммуникация, суу-энергетикалык ресурстар, тарифтик саясат, соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташуу маселелери дагы бар.

Мамлекет башчылары бул форматта ар жылы Нооруз майрамынын алдында Борбордук Азия мамлекеттеринин биринде жолугушуу тууралуу макулдашышты.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Өзбекстандын Казакстандагы жылына арналган концерт менен жыйынтыкталды.

Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын кийинки консультациялык жолугушуусу Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен келерки жылы Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий