• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Араван районунун борбордук базарында салык боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ильяз Ташбаев жергиликтүү салык кызматкерлери менен биргеликте Араван районунун борбордук базарында соодагерлер менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерге башка салык режимине өтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Көпчүлүк соодагерлер контролдук-кассалык машиналарды колдонуп жаткандыгы боюнча маалымат беришип, түшүнбөгөн суроолоруна жергиликтүү салык органдарынан түшүндүрмө алышты.

Мындан сырткары, бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынын шарттары жана электрондук салык кызматтары жөнүндө кеңири айтып беришти. Мындан тышкары, ишкерлер ЭЭФти, ЭТТКны жана ККМди колдонуу боюнча маалыматтар менен таанышышты.

Бардык кызыкдар тараптар жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү жана жергиликтүү ишкердиктин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн диалогду жана биргелешкен күч-аракеттерди жүргүзүүгө облус жетекчилиги ар дайым даяр.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Белгиленген күнгө чейин патент менен соода кылган ишкерлер башка ылайыктуу салык режимин тандашы керек.

Пикир

Оставить комментарий