• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда "Мир" төлөм картасын тейлөө токтотулду. Улуттук банктын түшүндүрмөсү

Экономика 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Улуттук банкы Кыргызстандын "Элкарт" жана Россиянын "Мир" улуттук төлөм карталары менен эсептешүү системаларынын ортосундагы системалар аралык интеграция өчүрүлгөндүгү боюнча түшүндүрмө берди.

Улуттук банкттын маалыматы боюнча, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 40-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, Улуттук банк ушул конституциялык мыйзамда жана КР мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпейт.

Ушуга байланыштуу "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК (мындан ары – "БПБ" ЖАК), өлкөдөгү коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тобокелдиктерге баа берүүнү эске алуу менен өздөрүнүн инфраструктурасында «Мир» карталарын тейлөөнү кошуу/өчүрүү боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат.

"БПБ" ЖАКтын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 3-апрелинде саат 12:00дө (Бишкек убактысы боюнча) «Мир» төлөм системасы менен «Элкарт» улуттук төлөм системасынын ортосундагы системалар аралык интеграциянын алкагындагы төлөмдөр токтотулду.

Төмөндөгүлөр өчүрүлдү:

- эквайринг жабдууларында карталарды тейлөө (POS-терминалдарда накталай эмес төлөмдөр жана банкоматтардан накталай акча алуу);

- картадан картага которуулар;

- электрондук коммерция: соода-тейлөө ишканаларынын эсептерине карталардан интернет-төлөмдөр.

Ошону менен бирге, Кыргызстан жана Россиянын коммерциялык банктарынын ортосунда түз келишимдик мамилелер болгон учурда коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелерин пайдалануу менен, ошондой эле эсеп ачпастан акча которуу системалары аркылуу Кыргызстан менен Россиянын ортосунда акча которууларды жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү сакталарын белгилей кетүү керек. Иштеп жаткан акча которуу системаларынын тизмеси Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=2665&lang=RUS шилтемеси боюнча жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий