• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын жаштары 100гө жакын балага майрамдык маанай тартуулашты

Аймак 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кечээ, 31-майда Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Балдар биздин келечегибиз” аттуу кайрымдуулук акциясы өттү. Ага Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана “Боорукердик” балдар үйүнүн тарбиялануучулары катышты.

Иш-чаранын алкагында жаштар комитети 100гө жакын балдарга шахмат турнирин, жерге сүрөт тартуу, пластилинден кол өнөрчүлүгүн көрсөтүү боюнча конкурстарды уюштуруп, белектерин тапшырышты. Ошондой эле, балдар беттерине аквагрим тарттырышты. Мындан тышкары балдарга, ата-энелерине жана мугалимдерине “Этно Ош” эс алуу комплексинде сыйлуу тамак тартууланды. Ал концерттик программа менен коштолуп, Ош облустук куурчак театрынын жомоктору көрсөтүлдү.

Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымынын милдетин аткаруучу Бибигүл Абдыкадырованын айтымында аталган иш-чара “Региондорду өнүктүрүү жылына” карата, 1-июнь Балдарды коргоонунун Эл аралык күнүнө жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган бир айлык кайрымдуулук акциясынын алкагында уюштурулган. Ал эми максаты балдарга майрамдык маанай тартуулап, жаштар кайрымдуулукка кайдыгер карабастынын билдирүү экендигин кошумчалады.

Уютуруучулар тарабынан келген балдарга белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий